super.kg logo

Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков келерки жылдын 28-январына чейин камакка алынды

 

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун баш коргоо чарасы каралды. SUPER.KG порталы райондук соттун маалымат кызматынан тактаганда, аны 2020-жылдын 28-январына чейин камакка алуу чечими кабыл алынганын маалымдашты.

"Сопоковдун баш коргоо чарасы каралып, прокурордун тергөө-иликтөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу сунушу сот тарабынан канааттандырылды. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилет", - дешти маалымат кызматынан.

Кечээ, 29-ноябрда Эркин Сопоков УКМКга сурака чакырылган. Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан Сопоковдун дипломатиялык номердеги унаасы табылган болчу. Ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "мыйзамсыз баюу" беренелери менен шектелип, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.11.2019. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сопоков көрсөтмө туура берсе, көп балыктын башы ачылары анык.
30.11.2019. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин Ашпозчусу турцияга кантип консулдукка жарады экен
30.11.2019. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаевдин досу Абдыкадыр аттырган Саймаитиге Атамбаевдин Ашпозчусу эмнеге консулдук машинесин берди болду экен
30.11.2019. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Силердин ичинер отуп кеткенине дагы Атамбаев куноолубу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: