super.kg logo

Орус басылмалары Москвада Кыргыз келин баласын 150 миң рублга сатып, бирок "баламды уурдап кетишти" деп айтып жатканын жазышууда

 

"Москвага Кыргыз өлкөсүнөн барган 22 жаштагы келин жаңы төрөлгөн баласын 150 миң рублга үй-бүлөлүк түгөйлөргө берип, бирок кайра полицияга "баламды уурдап кетишти деп кайрылган", - деп жазышууда орусиялык басылмалар өздүк булактарынын билдирүүсүнө таянып.

Анда жазылгандай, 22 жаштагы келин 35 жаштагы Галина жана 34 жаштагы Эрмек аттуу жубайлар менен 2018-жылы интернет аркылуу таанышкан. Ушул жылдын август айында анын толгоосу башталып, Галинага чалган.

"Түгөйлөр келинди төрөт үйүнө жеткиришкен. Бирок жаңы төрөгөн энеге төрөт үйүндө 2 жумага дарыланууга туура келген. Ошол учурда ал өз каалоосу менен баланы Галина менен Эрмекке берген. Ооруканадан чыккандан кийин келин түгөйлөргө кайрылып, баласын кайтарып берүүнү айткан. Бирок Галина бала алардын фамилиясын алганын билдирип, "сен аны бага албайсың" деген жүйөнү айткан", - деп жазылат маалыматта.

Кийин текшерүү иштеринде келин баланы бакпай турганын алдын ала эле пландап, түгөйлөргө аны сатуу боюнча сүйлөшкөн, алар ага 150 миң рубль акча беришкендиги айтылган. Бала сатуу-сатып алуу боюнча жогорудагы 3 адам тең кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.12.2019. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш кыргыз келинди подстава кылышыптыр да.торотканада жатканынан пайдаланышыптыр да
01.12.2019. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдан тороп саттын аны?
01.12.2019. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суррогатная мать окшойт.Тиги Эрмектики болсо кк
01.12.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы акча өндүрөм дегенго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: