super.kg logo

"Жылуу кийимчен аткаминерлерди окуучу кыздар жайкы кийим менен тосуп алышты". Тажикстанда талкууга түшкөн сүрөт

 

Тажикстанда окуучу кыздардын аткаминерлерди тосуп алган кезде тартылган сүрөтү дале талкууда. Жергиликтүү маалымат каражаттарында жазылгандай, аталган республиканын Темурмалик районунда ветеринардык аптеканын ачылыш аземи өткөн. Ага район башчысынын милдетин аткаруучу келген. Район администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Фотех Аминзода жана аны коштоп келгендер жылуу кийим менен турушкан. Ал эми ачылыш аземде аларды тосуп алган окуучу кыздар жайкы кийим менен турушкан.

Бул сүрөт интернетке тарагандан кийин талкуу жаратып: "Бул кошоматчылык", "Окуучуларды аягыла" деген өңдүү пикирлер жазылган. Райондук администрация "окуучу кыздарды мажбурлаган эмеспиз, алар өздөрү тосуп алышкан" деп билдиришкен. Ал эми айыл өкмөтү ачылыш азем болгону 10-15 мүнөткө созулганын, кыздар дароо жылуу кийимдерин кийишкенин айткан. Кыздар окуган мектептин мугалими кыздар өздөрү да, ата-энелери да буга макул болушканын, мындан эч кимге эч кандай зыян келбегенин айткан.

Ал эми аткаминерлерди тосуп алган окуучунун биринин атасы бул абал бат-баттан кайталана турганын, аткаминерлерди тосуп алууда жосунсуз жоруктарды жоюу керектигин айткан. Ошондой эле бул күнү кызынын дене табы көтөрүлүп ооруп калганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
01.12.2019. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмненин ачылышы болсо да окуучу кыздарды жон эле коюшбаптыр да, латок, кулайын деген эле айылдын уйлорунун суроттору го.
01.12.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кокуй он онбеш мунот дейтко,оздору жыланач он беш минут кышында сыртка чыгып турсунчу.
01.12.2019. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ветеринарная аптека ошо мамлекеттик денгээлдеги ишканабы,азыр аптека менен вет.аптека бурч бурчта эле ачылып жатат ко,кадам сайын эле
01.12.2019. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
katerina.li,бизде деле барды го премьер министир фитнес клубдун ачылышына, бул мамлекеттин денгээлин корсотот
01.12.2019. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
даа, жакшы эмес.
01.12.2019. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушу тажик кыздар жагаттааа)))
01.12.2019. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Kylychisa,жакса алып келип уйлонуп ал
02.12.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикистан ото начар экен жакшы уйлору жокго илгеркидей жашоодо жашайт окшойт, Кыргызстаным кудайга шугур.
02.12.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Tamara.99,мактоо эмес ,мен деле тадиктерди жаман кором,аларда зангыраган Уй тоолтура,и биздикинен агат,облустары эле биздин аянттанда зор жасалгаланган.Алар бири бирине тантайлашып Уй курушат,биздикине окшоп катын алам деп чыгышбайт.Анан алар кочодо Бир да призиденттин атын аташбайт ,суйлоп ушактаган куну туну мн болсо да Урук аймагы мн олтуруп кетишет.
02.12.2019. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurislam2016,Уй курушат, катын алам деп чыгышпайт деген жери окшошпой калды.Тажиктерди коро элек окшойсун.Эркектер он кадам уйунон алыс чыкса башка катын алат. Айрыкча кыргыз кыздарын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: