"Кумтөр" кениндеги көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан 2 кызматкерди издөө иштери 10 сааттан бери уланууда
"Кумтөр" кениндеги көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан 2 кызматкер табыла элек. Бул тууралуу компаниянын маалымат катчысы менен кабарлашканыбызда билдирди.
Маалыматка ылайык, аларды издөө иштери 10 сааттан бери уланууда. Дайынсыз болуп жаткандар кенде иштеген жергиликтүү тургундар.
Бүгүн, 1-декабрда таңкы саат алтыда "Кумтөр" кениндеги жумушчу аймактардын биринде көчкү жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча 2 кызматкер андан кийин дайынсыз болуп, издөө иштери башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.