super.kg logo

ЖЭБ соту: Жактоочу: "ЖЭБ боюнча жасалган экспертиза тергөөгө гана керектүү жыйынтыкты берген"

 

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда.

Анда тараптарга жарыш сөз берилди. Бүгүнкү отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов жарыш сөзгө чыкты. Анда жактоочу ЖЭБ боюнча соттук-экономикалык жана курулуш боюнча жасалган экспертизанын жыйынтыгы менен Исаков кеч таанышканын айтты.

"Тергөө ушул экспертизанын жыйынтыгына таянып, Исаковго айып коюп жаткандан кийин, биз аны менен таанышууга, жыйынтыгы менен макул болбосок, кайрадан экспертиза жасатууга укугубуз бар эле. Бирок биздин өтүнмөлөрүбүз эске алынган жок. Отурумда Исаков судьяга бир нече жолу экспертизаны жүргүзгөн эксперттин суракка келишин өтүнмө кылган. Бирок ал өтүнмө дагы аткарылган жок. Экспертиза боюнча процедура мыйзам бузуулар менен жүрдү. Бул нерсе эксперттер тергөөгө керектүү гана жыйынтыктарды берген дегенге негиз болот", - деди жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.12.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экспертиза чыккан сон албетте каршы чыгаары турган иш.Ким эле оз куноосун моюнга алганды каалайт.
02.12.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикстан 349 млн долларга жаңы ТЕЦ салыптыр а Сапарбек АША экөө 386 млн долларга жаны ТЕЦ эмес эски Тецтин 30 пайызын араң бүтүрө анысы да бир жылга жетпей бачагы чыкты
02.12.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек Токтакунов норкаман эмес беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: