super.kg logo
  Саясат  

Азербайжан: Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолугушту

 
Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчылары
Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III cаммитинин алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүл жолугушту
Президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүл жолугушту

Бүгүн, 15-августта Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III cаммитинин алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүл жолугушту. Анда президент Алмазбек Атамбаев азырынча кеңеште 4 мамлекет экендигин билдирди. "Мындан ары дагы башка түрк тилдүү мамлекеттер биздин катарды толуктайт деп ойлойм”,- деди өлкө башчы. Ал эми Түркиянын президенти Абдулла Гүл саммиттеги мурунку жылдардагы кабыл алынган макулдашууларды бекемдөө зарыл экендигин белгиледи. Белгилей кетсек, алгачкы саммит 2011-жылы Казакстанда болсо, 2-саммит 2012-жылы Кыргызстанда өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: