super.kg logo

ЖЭБ соту: Жактоочу Нурбек Токтакунов: "Азыркы сот системине жактоочулардын деле кереги жок"

 

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптарга жарыш сөз берилди. Бүгүнкү отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов жарыш сөзгө чыкты. Анда иште негизги күбө болгон Евгений Хафизовдун жактоочу Замир Жоошевге "Мен убактым тар кишимин, отурумга балким келем, балким келбейм", - деп жооп бергени окулду.

"TBEAнын өкүлү болгон Мусажан Макелек учурда Бишкек шаарында жүрөт. Анын иши убактылуу токтотулуп, өзүнчө өндүрүштүк ишке бөлүндү. Мен үчүн ушул мезгилден тарта абсурд башталды. Макелекке "коррупцияга шериктеш болуу" беренеси менен айып тагылган. Макелекти күбө катары суракка чакырууга судьяга өтүнмө кылганбыз, бирок ал иште айыпталуучу катары өтүп жатат. Жалган көрсөтмө бериши мүмкүн деген негиз менен өтүнмөдөн баш тартты. Кодексте күбөнү жалган көрсөтмө берет деп суракка албай коюу жок. Анда бул жакта отургандарды дагы үй камагына чыгарыш керек же Мусажан Макелек булар менен чогуу камакта отурушу керек эле. Ал бул иште айыпталуучу болгондуктан, мамлекеттик айыптоочулар талап кылса келмек. Макелектин иши башка фигуранттар менен тыгыз байланышта болгондуктан, анын ишин өзүнчө кароо мыйзамсыз", - деди жактоочу.

Мындан тышкары, жактоочуТоктакунов "соттук иште күбөлөр суракка келбей, күнөөнү далилдеген фактылар жок туруп чечим чыкса, анда жактоочулардын кызматы деле кереги жок" деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
02.12.2019. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулар актанганын таштабады таштабады да
02.12.2019. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапар кылмышын жаап жашыруу үчүн жактоочу да керек эмес. Дароо эле камап салгыла деген ойдо айткан турбайбы?
02.12.2019. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖЭБди жегендерге соттун кереги жок прямой Молдовоновкага алып барып салыш керек, кычкач 630 долларга алдык десенер адам эмес менин итим деле ишенбейт
chake түзөттү 2019-12-02 17:12:52
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: