super.kg logo

Көркөм сүрөт музейинин мурдагы жетекчиси Мира Жангарачева: "Мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм"

 

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин жетекчиси Мира Жангарачева өзүнүн кызматтан кетүүсү боюнча комментарий берди. Ал жетекчилик кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын музейдин жана ал жерде иштеген кызматкерлердин кызыкчылыгын ойлогондугу менен түшүндүрдү.

"Коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу социалдык тармактардан дагы окусаңар болот. Жеке мага өлтүрүп кетебиз, атабыз, асабыз дегендер дагы болууда", - деди Жангарачева.

Мира Жангарачева талкуу жараткан көргөзмөдө кыздардын жылаңачтанып турганы боюнча кабары жок болгонун билдирди. Ал жумуштан кеткенин өзүнүн тыянагы боюнча туура чечим деп баалап, күнөөлүү эмес экенин айтты.

Андан ары социалдык тармактагы баракчасы аркылуу көпчүлүк анын кызматтан кеткени боюнча чыныгы себепти жазбай жатышканын жазды.

"Музейде Feminalle уюштурган көргөзмөгө байланыштуу "Кырк-Чоро" тобунун башкарылгыс агартууга душмандыгы, улутчул күчтөрдүн агрессивдүү реакциясынан улам өз ыктыярым менен арыз жаздым. Көргөзмөнү уюштуруу боюнча жеке мага жана кызматкерлерге карата коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам ушундай кадамга бардым. Эч качан музейге буту басып барбаган адамдардын демилгелеп чыгышканы өкүнүчтүү. Мени алышты, кезекте ким... Кимдир бирөө элдин көңүлүн башкага бургусу келди жана ал ою оңунан чыкты", - деп жазды Жангарачева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.12.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баарын беш манжадай эле билген. Уюштуруу тобу Мира Жангарачеванын маалыматы болгонун билдирди. Мындай баш аламандыкка жол бербөө керек. Бул искусство эмес эле мурдагы доорго кайтуу болуп жатат.
02.12.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Деген менен Мира айым силер туура эмес "подача" кылдынар. Аялардын маселесин туура котордунор бирок башкача оңүттө тартууласа болмок да. Бул деген чаал сабатттуулук,ой чабыттын аздыгы. Батыш болмоктон балакет болсун Кыргыз менталитеттин унутпоо керек болчу.
02.12.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sinej, провокация жаратпаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: