"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Биздин мектепте бир да батарея жарылган эмес"

Буга чейин "Элдик кабар" бөлүмүнө Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан №72 мектеп-гимназиясында жылуулук батареясы жарылып, иштебей жаткандыгы тууралуу окурман билдирген. Бул окуяны аталган мектептин директору Дамира Назаркулова четке кагып, SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалыматты берди.
"Биз, ата-энелер класс жетекчилер менен сүйлөштүк. Биздин мектепте андай факты катталган эмес. Мектеп кадимкидей штаттык режимде иштеп жатат. Бир да кабинеттин жылуулук батареясы жарылып, балдар үшүп калган учур болгон жок. Мектеп чоң болгондуктан, кээде түтүктөрдөн суу тамчылап калышы мүмкүн. Андай учурда сантехниктер ошол жерге каамыт (түтүктү бекитүү үчүн колдонулуучу шакекче) коюп, бат эле оңдоп коюшат. Биз кайсы ата-эне сиздерге кайрылганын билдик. Аны эртең мектепке чакырып, эмнеге туура эмес маалымат таратканын сүйлөшөбүз", - дейт мектеп директору.
Бул маалымат боюнча Билим берүү министрлигине кайрылдык. Министрликтин басма сөз катчысынын айтымында, мектепте мындай факты катталган эмес.





1 |