super.kg logo

ЖЭБ соту: Сапар Исаков: "Айбек Калиев менен эч качан достук мамилем болгон эмес"

 

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өз сөзүндө айыптоочу тараптын корутундусуна ылайык, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев менен достук мамиледе болгон деген негиз чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Айбек Калиевди менин кишим катары көрсөтүшкөн. Ошондуктан мамлекеттик айыптоочулар "Айбек Калиев Исаков тарабынан кылмышты ишке ашырууга катышкан. Исаков өзүнүн ЖЭБге байланыштуу кызыкчылыгын жана пландарын Калиев аркылуу ишке ашырып турган" деген корутунду чыгарган.
Айбек Калиев ЖЭБге байланыштуу бардык жыйналыштарга катышыптыр. Мындан тышкары, аны менен ЦАРИде чогуу иштептирбиз, бирок ал кезде биз жакындан тааныш эмес элек. Жумуштан көрүп калганда учурашып калчубуз. Аны менен 2010-жылы ээлеген кызматтын алкагында таанышкам. Ал учурда Калиев мага иш-кагаздар боюнча кирип калчу. Бирок ортобузда эч качан достук мамиле болгон эмес. Кыргыз өлкөсү кичинекей өлкө. Бири-бирин сурап келгенде тууган болуп чыгат. Айбек Калиев менен кесиптик, ишмердик мамиледе болгонбуз. Ал менден бир топ кичүү, мага ини болуп калат. Мен эмнеге экөөбүзгө ушундай аныктама берди деп көп ойлонгом. Андан кийин эсиме түштү. Парламентте ЖЭБде авария болгондо мен Калиевди жактагам. Анын отставкасын кабыл албай, иштеш керек экендигин айткам. Ошол маалда Калиев менин жакын досум катары кабыл алынып калган окшойт. Иликтөөдө маалым болгондой, Калиев ал кезде газ түтүктөрүн киргизүү боюнча иштеген. Муну Жантөрө Сатыбалдиев тастыктады. Ал эми ЖЭБ боюнча жыйналыштарга Мамыров катышып турган. Эгерде Калиев экөөбуздүн ортобузда жең ичинен сүйлөшүү болсо, анда мен энергетика министринен Калиевдин келишин суранмакмын
", - деди ал.

Сапар Исаков "көңүлгө катуу тийип жатат" деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.12.2019. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айбек Калиев Атамбаевдин күё баласы Сапар Атамбаевдин шестеркасы
02.12.2019. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актана берсин, баары бир куноосу чыгат, элди уурдап акталып кетем деп ойлобосун
02.12.2019. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
болбосо болгон эмес да.досум деп журуп эле сатып кеткендерди коруп эле атабыз го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: