super.kg logo

Владимир Путин "Манас" аэропортуна оор шартта келип конгон

 

Орусиянын президенти Владимир Путин "Манас" аэропортуна оор шартта келип конгон. Президенттик учактын учкучтары Бишкекте аба ырайынын катаал шартында учак аэропортко конгондугу тууралуу айтып беришкен.

Владимир Путин 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун кезектеги сессиясына катышуу үчүн Бишкекке келген. Ал келген учурда аба ырайы бузулуп, коюу туман каптап калгандыктан, бир канча көйгөйлөр жаралган. Учкучтардын айтымында, учак Санкт-Петербургдан чыккандан кийин бир канча убакыт өткөн соң, аба ырайы бузула баштаган.

"Биз маршурттук бөлүктү ноутбук аркылуу көзөмөлгө алдык. Себеби жолдун рулдук бөлүгү дагы көрүнбөй кыйын болуп жатты", - деген экипаждын мүчөлөрүнүн бири. Учактын жерге конушу тыкыр ойлонулуп, эч кандай тобокелдик болбогонун жана эч ким жабыр тартпагандыгын кошумчалаган.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму – "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө" максатын көздөгөн эл аралык уюм. Уюмга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан мүчө болуп саналат.






Владимир Путин отурган учак коюу туманда кантип жерге конгон?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
03.12.2019. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коруп конул кубанды. Аллахым олкобузго тынчтык жана амандык насип кылсын. Калганы баары озубуздун колубузда
03.12.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эң негизгиси кытайды бул уюмга кошпош керек
03.12.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Atas,Толк жок уюм, буга окшогондон далайы өттү Крда, эч кимиснин пайдасы жок акча чыгашадан башка.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: