super.kg logo

ЖЭБ соту: Сапар Исаков: "Депутат Кожобек Рыспаев СМЕС компаниясынын кызыкчылыгын коргогон"

 

Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча ачык соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өз сөзүндө айыптоочу тарап депутат Кожобек Рыспаевдин көрсөтмөсүнө шилтеме кылып, ага негизсиз айып коюп жатканын айтты.

"2017-жылдын 7-февралында депутат Кожобек Рыспаев ЖМК аркылуу ЖЭБ боюнча өз нааразычылыгын билдирген. Бул ЖЭБде авария болгондон кийин болгон. Анда депутат ЖЭБдин модернизациясы сапатсыз жасалганын айткан. Кайрылуудан көп өтпөй, Кытай тарап Элчилик аркылуу нааразычылыгын билдирген. Мен ээлеген кызматымдын милдеттеримдин алкагында, жана КСДП партиясынын мүчөсү катары партиялашымды бул маселе тууралуу сүйлөшүү үчүн чакыргам. Экөөбүздүн сүйлөшүүбүз 2017-жылы болгонун эске сала кетейин. Алгач анын эмнеге нааразы болуп жатканын сурадым. Ал ЖЭБ үчүн Кытайдан келген шаймандардын баасы кымбат болгонуна нааразы экенин айтты. Анда мен башка мамлекеттин бакчасына таш ыргытардан мурда маалыматты тактап, фактыларды көрсөтүш керектигин эскерттим. Рыспаев буга макул болуп, тиешелүү мекемеге суранма жөнөтүп, эсеп баракчасын алдырарын жана сметчиктерди жалдарын билдирген. Кийин суракта ал суранмага жооп келбегенин айтты. Иликтөөдө ал суранма жөнөтпөгөнү белгилүү болду. Кантип эл өкүлүнүн суранмасына "Электр станциялары" жооп бербесин? Депутаттын ар бир суранмасын мамлекеттик мекемелер аткарууга милдеттүү да. Демек, Рыспаев жалган көрсөтмө берген. Айыптоочу тарап ЖЭБ боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлганына карабай, андан үч жарым жыл өткөн соң, авариядан кийин болгон сүйлөшүүнү айыптын негизине киргизип койгон. Бирок мен эч нерсеге таң калбай калдым", - деди Исаков.

Сапар Исаков кыңыр иш кырк жылда болсо да билинерин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.12.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
386 млн доллар алган АШАкемдин карызын 2024-жылы 500 млн доллар кылып толойбуз буйруса АША БАЙКЕГЕ ДАНК ДУНК бир дубинка
03.12.2019. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chake,оозуна келгенди оттой бересинби?386млн Атамбаев алганын кордунбу?же алып барып бердин беле.
03.12.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сапар сары көп актана бербе Аша АТАНА ОКШОП. СЕН МИҢ АКТАНСАҢ ДА СЕНИ ЭЛ КЕЧИРБЕЙТ. ЖАПЖАШ КҮЧТҮУ КАДР БОЛУП ЭЛ ҮЧҮН ИШТЕГЕНДИН ОРДУНА ЭЛДИН АКЧАСЫН ЖЕП, МАМЛЕКЕТТИ КАРЫЗГА БАТЫРДЫҢАР.
03.12.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапар Исаков актануунун экинчи стадиясына өтүп мурдагы санаалаштарын да сата баштады. Бирок мындай кадамдан эч кандай майнап чыкпайт. Сары балага 15 жыл сурап жатыптыр бул деле аз болуп чыгат.
03.12.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рыспаев шаймандар кымбат алынды деп туура айтыптыр. Сапар аны озуно чакыруу менен балким кысым корсотсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: