super.kg logo

ЖЭБ соту: Сапар Исаков: "Сооронбай Жээнбеков менин "Манас" орденин эмне үчүн алганымды билет"

 

Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча ачык соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өз сөзүндө 2-даражадагы "Манас" орденин эмнеге алганын Сооронбай Жээнбеков билерин айтты.

"Бул орден мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп калганым үчүн берилген. Мен мамлекеттик сырды алып жүрүүчү катары ал орденди кандай эмгегим үчүн алганымды айта албайм. Бирок бул көрүнүктүү салым болгон. Мени президентке кошоматчылык кылган деп айыптап, аябай ыза кылды. ЖЭБ боюнча жасалган экспертиза абсолюттук түрдө одоно түзүлгөн. Анда суроолор абдан көп. Мен кызматта турганда кадрлар боюнча дагы, өнүгүү программалары жана башка жагдайлар боюнча дагы көз карандысыз саясат жүргүзгөм. Аны баары билет. Айыптоо өкүмүндө мени өз кызыкчылыгы үчүн өлкө башчыга кошомат кылган жана муну менен карьералык жактан өсүүсүн камсыз кылган деген жыйынтык чыгарылыптыр. Мындай тыянак менин намысыма катуу тийди. Анткени мен ар дайым өз ишимде улуттук кызыкчылыктарды гана коргоп келгем. Ошол үчүн 2-даражадагы "Манас" ордени менен сыйлангам. Наамды улуттук кызыкчылыкты коргогонум үчүн алгам.

Бирок бул салым өлкө үчүн маанилүү жыйынтык болгон. Тилекке каршы, мага аны айтууга болбойт. Сооронбай Жээнбеков бул орденди эмне үчүн алганымды билет. Ал өзү өкмөт башчы болуп турганда мени бул наамга көрсөткөн. Бүгүнкү күндө орденди тартып алгыңар келип жатканыңар эки жүздүүлүк эмеспи?" - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
03.12.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахымдын аты менен касам ич!
10000000% ишенем
03.12.2019. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
toktor89,
Сапар Исаков эн таза адам.
03.12.2019. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
yrmat88,
Нан урсун туз урсун туз ###### берем андайлар калп эле соз.
Касам ичуу бир Аллахтын аты менен гана болот!
Момун мусулмандар билет!
Касам ичсе анда башка кеп
toktor89 түзөттү 2019-12-03 16:30:16
03.12.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орденди коюп офшорго которулган акчанын чоо жайын айт.
03.12.2019. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ордениң менен актанам деп ойлобой эле кой. Сенин ким экениңди элдин баары билип бүттү.
03.12.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сапар сары эч бир күнөөсүн мойнуна албайт экен да. Эркек болбойбу!
03.12.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен ишенем. Ак ийилээр бирок сынбайт. Бардыгы ачыкка чыгаар мезгил да келет. Аллахым баарын таразалап ордуна коет!!!
03.12.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
МАнас ордендин кадырын кетирип шоопуру жан сакчысы деле алдыго
03.12.2019. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас орденин алмактан Талас орденин алсан деле, чындыкты айтып мойнуна ал.
03.12.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Манас орденин коюп кычкачтын баасын чечмелеп берсен жакшы болмок Сапарчик. Кандайча 600$ болуп калган эле
03.12.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АШАны сатпайын деп ачыгын айта албай туратко деп ойлоймун,болгонун болгондой айтса чындык чыкмак беле.
03.12.2019. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар Исаков таза экенине ишенем,акталып чыгат бир куну.Атылып кетседа Тарых актайт эртеби кечби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: