super.kg logo

Шенген визасын алып берем деп Бишкектин тургунунан 1200 доллар алган. Шектүү үй камагына алынды

 

Бишкекте алдамчылык кылганга шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Октябрь райондук соту кармалган жаранды үй камагына алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган райондун Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлады.

"11-ноябрда Октябрь РИИБине М.К. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ушул жылдын 23-майында Шенген визасын алганга жардам берем деп 1 миң 200 доллар акча каражатын алып, бүгүнкү күнгө чейин жашынып жүргөн Ж.Ж. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1994-жылы туулган Ж.Ж. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарды", - деп кабарлады басма сөз кызматынан.

Учурда айыпталуучунун мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин аныктоо максатында кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюңуздар.

Байланыш номерлер: ‭0(502)102-327‬, 0(552)102-474 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.12.2019. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийиминен тааныдым Ж.Ж.го
03.12.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аыеристерди эмне чыгарып ийет,дагы элди алдасын деппи.
03.12.2019. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондон коро камабайле койбойсунарбы не деген нерсе уй камагы деген жаза катуу болуш керек
03.12.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канча акча берди болду экен ментерге чыгыш үчүн.
03.12.2019. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыздарбы Супер инфо. Бул жакты караган модератор же админге кайрылат элек. Биз да ушундай алдамчылыкка туш болдук ,20 -30 дай киши 200-300 евродон баштап 1200 евро бергендер бар. Биздин маселени да чыгарып коесунарбы. Кимге кайрылсак болот. Органдардан толк аз болуп жатат чозушуп.
03.12.2019. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
besha, Саламатсызбы аталган маселе боюнча биздин редакцияга келсеңиздер болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: