super.kg logo

Ноокатта жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспектор 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Ош облусунун Ноокат районунда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн инспектору 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

"30-ноябрда ИИМдин Тергөө кызматына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жол эрежесин бузгандыгы үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору айдоочунун паспортун алып 8000 сом талап кылганы айтылган. Айдоочу билдиргендей, ал инспекторго 2000 сом пара берген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене (пара талап кылуу) менен катталып, тиешелүү тергөө иш-чаралары башталган.

Бүгүн, 3-декабрда ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө ИИМдин тергөө кызматынын жана Финполдун кызматкерлери тарабынан Ноокат районунун ЖКККБсынын инспектору К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды", - деп кабарлады басма сөз кызматынан.

ИИМ жумуштун кызыкчылыгын саткан, пара алган, мыйзам бузган, зыян алып келген кызматкерлерден арылууга багытталган иш-чараларын улантууда. Өзгөчө жарандардан келген арыздарга көңүл бурулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
03.12.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылап иштесенер гаилер калбай калат
03.12.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул билинип кармалганы,кармалбай дагы деле пара алгандар толутра.Бирок айдоочулар да кунолуу,правиланы бузат да ,анан айып салса суйлошолу деп акчасын сунуп алардын козун кызартып
03.12.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зарина акыры кармалыптырда е?
03.12.2019. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Beka0007, Ошондо аял кишиби МАИ де иштеген?
03.12.2019. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыз давно кармалышы керек болчу, дагы кеч кармалды ырас болот, жон журсо болмок, канча адамды какшаткан бул акмак
03.12.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят еле көп адамды какшатып мамлекетке зыян келтирип жүргөн
03.12.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болгону иштен алынат ордуна дагы бир ушуга окшогон келет бул жанылык деле эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: