super.kg logo

ЖЭБ соту: Осмонбек Артыкбаев: "Биз жасап жаткан иш кылмыш иши болуп калат деп ойлогон эмесмин"

 

Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мамлекеттик ишке материалдык максат үчүн эмес, өлкөгө жардам берүү мотиви менен келгенин айтты.

"Судья бул ишти адилеттүү, Кыргыз мамлекетинин мыйзамынын негизинде так карап, актап чыгат деп ишенем. Негизинен энергетика министринин кызматына келгениме ошол убактагы өкмөт башчы, ушул жакта отурган Жантөрө Сатыбалдиев себеп болгон. Сатыбалдиев: "Чогуу иштейли, энергетика тармагында татаал маселе болуп турат" деген. Эгер мен ошондо сунуштан баш тартсам, кыйынчылыктан качкан болуп калмакмын. Энергетика министрлиги көпчүлүк учурда аткаруучулук жана процедуралык иштерди аткарып турган. Инвестицияны алып келүү, ким менен иштешүү керек деген маселелер жогорку деңгээлде чечилген. Министрлик жана башка энергетиктер Калиев, Мамыров, Баетов бардыгы ушул тапшырмаларды аткарган. Алар аткарышы керек же кетиши керек эле. Ал убакта жасап жаткан ишибиз кылмыш иши болот деп ойлогон эмесмин. Элдин көйгөйүн чечип жатабыз деп ойлогом", - деди Артыкбаев.

Мындан тышкары, Артыкбаев кандай кызматта болбосун өз кызыкчылыгынан ар дайым элдин кызыкчылыгын жогору коюп келгенин айтты. "Мындай тагдырга кабылам деп ойлогон эмесмин, бирок турмуш ар кандай сыноо берип турат экен" деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.12.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Артыкбаев кызматка коюлганга чейин эле ТЭЦ боюнча чечим кабыл алынган. Ал модернизация башталганга чейин иштен кеткен. Ак жерден ден соолугун жоготуп отурат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: