super.kg logo

27 жаштагы актёр Ча Ин Ханын жансыз денеси үйүнөн табылды. Ал соңку эки айда каза тапкан үчүнчү корей атактуусу болуп калды

 
"Сүйүүнүн температурасы" сериалы.
"Кумардануу менен тазалоо" сериалы.
"Банкир" сериалы.
"Кемчиликтери бар адамдар" сериалы. Аталган дорама азыркы тапта Түштүк Кореяда көрсөтүлүп жатат.

Бүгүн, 3-декабрь күнү түштүк кореялык актёр Ча Ин Ханын жансыз денеси үйүнөн табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Учурда полиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Андыктан өлүмдүн себеби жана башка жагдайлар азырынча так айтылбай жатат. "Fantagio Entertainment" агенттигинин өкүлдөрү да окуя тууралуу билдирүү таратты. "3-декабрда Ча Ин Ха бул дүйнө менен кош айтышты. Биз анын күйөрмандарына ушундай суук кабарды угузуп жатканыбызга ичибиз ачышып жатат. Сиздерден такталбаган маалыматты жайылтпоону чын дилден суранабыз. Анткени анын үй-бүлөсү учурда чоң жоготууга учурап турат. Коштошуу зыйнатына үй-бүлөсүнүн каалоосу боюнча жакындары гана катышат", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Ча Ин Ха тасмаларда жана сериалдарда экинчи пландагы каармандардын ролдорун аткарып баштаган. "Сүйүүнүн температурасы" («Температура любви»), "Сен дагы адамсыңбы?" («Ты тоже человек?»), "Кумардануу менен тазалоо" ("Уборка со страстью") жана башка дорамалар аркылуу таанылган.

27 жаштагы актёр өлөрдөн бир күн мурун Инстаграм баракчасына кафедеги сүрөтүн киргизип, көчөдө суук болуп жатканы үчүн баарына үшүп калбагыла деген каалоосун жазган.

25-ноябрда ырчы, актриса Гу Хара 28 жашында каза болгон. Ага чейин 14-октябрда ырчы, актриса Солли 25 жашында көз жумган. Аталган эки атактуу тең өмүрүн өздөрү кыйганы маалым болуп, күйөрмандары мындай оор кадамга баруусуна хейтерлер себеп деп жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
03.12.2019. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларды бироо эле олтуруп жатат окшойт... Анан озун озу олтурду кылып атышат да
03.12.2019. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аталган драма или дорама?
03.12.2019. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KYRGYZ_bolson_BRAT, драма эмес, дорама... сериал дегенди түшүндүрөт...
03.12.2019. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушундай бай талантуу свлизатцияда эч неседен кем эмес жашоода жашасада бахтысыздык бар экенда!! Ыйман жокта таквалыкты билишпейт! байлык доолот атактуулук адамды бахтылуу кыла албайт!!
04.12.2019. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Saiit,Ойлонуп жазчы!Соз десе эле тескебей жаза бербей,Адам экендигинди унутпачы!
04.12.2019. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sakura715,кой анчалыка барбаныз жогорудагы адам болгону өз ойун айтты
03.12.2019. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корейлерге жин тийгенби мурунку аптада эле бироосу олду эле ушуну менен 4 жолу угуп жатам
03.12.2019. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен дагы адамсын
03.12.2019. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Түштүк кореяда абдан көрөалбастык ичи тардык өкүм сүрүп жатат, бирин бири көрөалышпай бирин бири каралоо менен алектенип жатат. Ошон үчүн кореяда ырчы же артёр боло көрбөгүлө Хейтерлери абдан күч экен көрө албастык.
Sardarakam түзөттү 2019-12-03 23:11:59
03.12.2019. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу билет да эми.
04.12.2019. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушулда жанылыкбы
04.12.2019. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул мамлекеттин хейтерлери кучтуу окшойт Анжелика барып сабак отуп келиш керек экен кантип хейтерлерге чыдаш керек экенин уйротуп келсе жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: