"Мектептеги жылытуу батареяларын да ата-энелер жаңылоо керекпи?" деп "Элдик кабарга" кайрылган окурман маселе чечилгенин билдирди
SUPER.KG'нин "Элдик кабар" рубрикасына окурман мектептеги маселе боюнча кайрылган болчу.
Анда ал: "Мектепте жылытуу батареясы жарылып класс суук. Мугалим бул абалга ата-энелер 4 миң 800 сомдон - фонддун акчасын берген жоксуңар деген жүйөөнү келтирүүдө. Мектептеги жылытуу батареяларын да ата-энелер жаңылоосу керекпи?" - деп суроо салган.
Бул боюнча окурман айткан Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда жайгашкан №72 мектепке кайрылганыбызда директору маалыматты четке кагып, "мектепте бир да батарея жарылган эмес" деген болчу. Бүгүн, 3-декабрда окурман байланышка чыгып, "Элдик кабардын" маселени чечүүгө таасири тийгенин айтып, ыраазычылык билдирди.
Окурман: "Сиздерге биздин сурообуз жарыяланган соң Билим берүү жана илим министрлигинен Жал кичи районундагы №72 мектептин жетекчилигине кайрылышып, 2 күн ичинде маселени чечүү талабын коюшуптур. Бүгүн ата-энелерди мектепке чакырышты. Чогулуп, сүйлөшүп, бир бүтүмгө келдик. Көрсөткөн жардамыңар үчүн ыраазычылык", - деп жазылат окурмандын билдирүүсүндө.






1 |