super.kg logo

"NewTV" телеканалынын тартуучу тобуна мыйзамсыз күркө иштеткендер тарабынан кол салуу болду

 

“NewTV” телеканалынын тартуучу тобуна кол салуу болуп, камера жараксыз болуп калды. Аталган каналдын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков окуя бүгүн, 3-декабрда саат 15:30 чамасында болгонун айтып буларга токтолду.

"Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы Тагай бий жана Ак-Болтоң көчөлөрүнүн кесилишинде май алмаштыруучу жай бар экен. Ошол жердин кожоюну май куюучу жайдын алдына азык-түлүк сатуучу күркө коюу үчүн убактылуу уруксат алыптыр. Быйыл күркө иштетүү үчүн уруксаттын мөөнөтү бүтүп, мэрия тарабынан бир нече жолу күркөнү алгыла деген эскертүү берилген экен.

Бүгүн Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күркөнү алуу үчүн барышкан. Биз дагы окуяны чагылдыруу үчүн барганбыз. Биз өзүбүздүн ишибизди жасап жатканда ошол жерди ижарага алып иштеткен күйөөсү менен аялы жана бир шериги "Тазалык" кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик орун алды. Оператор Калыбек Абдумомутов аларды камерага тарта баштаганда кожоюндун аялы келип, камерага асылды. Камера иштен чыгып калды. Дароо эле милиция кызматкерлерине чалганыбызда бул жайды иштеткендер унаасына отуруп кетүүгө аракет кылышты. Биз алардын унаасын токтотолу деп алдына чыкканыбызда бизди качырып айдап кетти. Милиция кызматкерлери жерине келип, окуянын эмне болгону тууралуу маалымат алып жатканда май куюучу жайды иштеткен киши келди. Ал аялынын эпилепсия оорусу бар экенин, мындан улам аны ооруканага жеткирип келгенин айтты", - деди ал.






“NewTV” телеканалынын тартуучу тобуна кол салуу болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.12.2019. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчанын артынан тушкон жапайлар.органдар опкосун уссокен ушул катындын.
03.12.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичине акча кармап калса эле биздикилер кыйын болуп алышат ,мына эми камеранын жаңысын алып бересиң.
03.12.2019. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин Кыргызстанда чынында оорукчандар коп окшойт э.
04.12.2019. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кол салуу болду десе эркектер сабап салды экен десе.. Аял эпилепсия ооруга окшобойт го. Истеричка аялымды жеткирип келдим десе жарашмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: