super.kg logo

5 пачка жасалма акча. Токтогулда 2000 сом номиналындагы банкноталарды алып жүргөндөр кармалды

 

Интернетке "Жалал-Абад электро" ишканасынын төрагасынын телефонограммасы тарады. Анда Токтогул районунун аймагында белгисиз адамдар 2000 сом номиналындагы жасалма акчаны таратып кеткени айтылат.

Расмий катта жазылгандай, ушул жылдын 19-ноябрында Токтогул районунда 5 пачка жасалма (баары 2 миң сом номиналындагы) акча таратылган. Ишкананын жетекчиси кызматкерлерин 2 миң сомдук купюра менен эсепти жаба турган жарандардан этият болууга чакырган.

Жасалма акчалар боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын маалымдады.

"27-28-ноябрь күндөрү Токтогул районунун бир нече тургундары арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымында, соода түйүндөрүнө 20-25 жаштагы жарандар келип, 200 сомдон 500 сомго чейин соода кылып, 2000 сом акча берип кайтарымдарын алып кеткен. Ошол 2000 сомдук акча жасалма экендиги билингенден кийин белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 225-берене (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада Токтогул районунун 2001-жылы туулган Т.К. жана анын шериктери О.С., М.У. кармалып, далил катары 2000 сомдук жасалма купюралар алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Токтогул райондук соту тарабынан шектүү Т.К. камакка алынып, ал эми калган экөө үй камагына чыгарылган. Учурда банкноталар кайсыл жактан алынып, кандай шарттарда жасалгандыгы боюнча тергөө иштери жүрүүдө", - деди маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
03.12.2019. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай улгудогу акча дордой базарында да бар экен сак болгула 19/20 жаштагы жигит которуп келди эле байкап калдым
03.12.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип билсек болот 2000 с
03.12.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жасалма экенин
03.12.2019. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li,жумшак болуп сразу эле билинет. Ону очкондой корунот
04.12.2019. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип билебиз
04.12.2019. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үй камагына чыгарганыңардан кийин калганы белгилүү да.
04.12.2019. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А шумшуктор,шакалдар.
04.12.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уй пуй камагы дебей камасанар эркекче камагыла
04.12.2019. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй камагына чыгарылса, анда бул жерде да коррупция болуп кетиптир.Бироо мойнуна алган, экоо азырынча уй камакта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: