Жаңы үлгүдөгү күбөлүк, аттестат жана диплом коомдук талкууга коюлат
Кыргыз өлкөсүндө күбөлүк, аттестат жана дипломдун жаңы үлгүсү иштелип чыгат. Орто жана жогорку билим жөнүндөгү документтердин үлгүсү коомдук талкууга эки апта бою коюларын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жаралып жаткан көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн 20 адамдан турган ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Ага жогорку окуу жайлардын, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кирди.
Комиссия 16-декабрга чейин күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүсүн сунушташат. Документтер комиссиянын жалпы жыйынында жактырылгандан кийин министрликтин расмий сайтына жарыяланат деп жазылат маалыматта.
Белгиленген убакыт аралыгында коомчулуктан келген ой-пикирлер эске алынып, күбөлүк, аттестат жана диплом басып чыгарууга берилет.
Узап бараткан жылы коомдо бир тамгасынан ката кеткен бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттары талкуу болсо, көп өтпөй эле туура эмес сөз жазылган аттестаттар социалдык тармактардын көңүл чордонунда болгон. Документте "среднюю" деген сөздүн жанына ашыкча эле "реднюю" сөзү кошулуп жазылган.



