super.kg logo

Косметикалык каражаттардын ден соолукка зыяндуулугу аныкталды

 

Кыздар сүйгөн косметикалык каражаттын 90 пайызында адам өмүрүнө коркунуч алып келген микробдор - стафилококк жана ичеги таякчалары бар. Косметика колдонгондор аны дайым бетине сүртүшөт. Астон университетинин медициналык кызматкерлери жүздөгөн косметиканы текшерген соң ушундай жыйынтыкка келген.

Медициналык кызматкерлердин айтымында, косметика колдонгондордун басымдуу бөлүгү макияж сүрткөн спонж, кисточкаларын жуубайт жана алардын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенине карабай колдонуп жүрө беришет. Косметика менен чогуу бетке, өзгөчө көздүн айланасы, ооз көңдөйүнө бактериялар толуп калат. Алар ар кандай ооруну козгоп, тери оорусунан тартып кандын бузулушуна жеткириши мүмкүн. Мындай учурда иммунитети төмөндөр көбүнчө жабыркайт. Окумуштуулар 5 декоративдик косметиканы: ооз боёгуч, эриндер үчүн жылтырак, көзгө чийүүчү карандаш, тушь, макияж сүртүү үчүн спонжду микроскопко салып, изилдеп көрүшкөн. Алардын арасынан бактерияны эң көп козгогон спонж болуп чыккан. Анда зыяндуу микробдор көп болуп, миллилитрге миллиондон ашуун бактерия туура келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.12.2019. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошон учун боенбоймда)
04.12.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демек кеп гигиенаны сактабаганда экен да.
04.12.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
narjan,ооба спонж деп жатышпайбы микробдор толтура деп. Тоналдык крем гель для умывания жбус маалымат бар окшойт деп кирипмин. Ал Эми спонж кандай нерсе экени баарыбызга эле белгилуу эмеспи
04.12.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табигый сулуулугунар озу жетиштуу биз жигиттер учун! Чынында кээ бирки кыздарды корсон жакщынакай, а боенуп келсе эгер, конулун бузулат коруп алып.жарашыктуусу да аз эмес бирок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: