super.kg logo

№12 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери акыркы стадиядагы рак менен күрөшкөн кызга дары жазып бербей койгон. Кыз ошол күнү каза болду

 

Бишкектеги хоспистин жетекчиси Ольга Труханова ракка кабылган кызга №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери дары жазып бербей койгонун социалдык баракчасына жазып чыкты.

"2-декабрь күнү биздин хосписке Онкологиядан 11 жаштагы Алинаны которушту. Кыз Арча-Бешик жаңы конушундагы №12 үй-бүлөлүк медицина борборунда катталган. Апасы эртең менен Онкологиядан берилген кагазды алып бейтапкана ооруну басаңдатуучу дарыга рецепт алуу үчүн барат. Саат 12:40та апасы хосписке дары-дармексиз, рецептсиз кайтып келди. Хоспистин медайымы бейтапкананын дарыгерине эмнеге бербей койгонунун себебин сурап чалса "мага кимге эмне жазышымды үйрөткүдөй сен кимсиң?" - деп коёт.

10 мүнөттөн кийин ал дарыгерге мен чалып, эмнеге оор абалдагы кызга рецепт жазбай жатасыңар десем, протокол бар дейт.

- Кандай протокол? Протоколдун бул жерге кандай тиешеси бар? Сизге баланын абалы тууралуу ак-кара менен жазылып турса, рецепт жазбай коюуга акыңар жок десем, ага деле "бизде протокол бар" деп туруп алды. Же кандай протокол экенин айта албайт. Эгер балага ооруну басаңдаткан дарыга рецепт жазып бербесеңер, Саламаттыкты сактоо министрлигине чалам да алар силерге кайсы протокол жөнүндө айтып жатканыңарды түшүндүрүп беришет десем "кереги жок, жазып беребиз" деди.

Мына ушуга окшогон билимсиз, адамгерчиликсиз дарыгерлердин айынан апасы кызынын жанында боло турган баалуу убактысын жоготту. Саат 14:50дө Алина көз жумду. Кудайга шүгүр, апасы жанында болду.

Ушуга окшогон канча дарыгер оорулууларды рецептсиз үйүнө кайтарып жатат. Оорулуулар кайра рецептке келбей калышы да мүмкүн. Кимдир-бирөө кайдыгер болгону үчүн адам жан чыдагыс оору менен алышып бул дүйнө менен коштошот.

Мындай качанга чейин улана бериши керек? Канча адамдар азапка, кыйноого алынгандай өлүшү керек?

P. S. Рецептти ал күнү беришкен жок, эртеси беришмек. Бизде бүгүнкүгө керектүү каражаттар болгону үчүн бала кыйналбай тынч кетти.

Бул окуя боюча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдык. Министрликтен Ольга Труханова менен байланышканын жана окуя алардын көзөмөлүнө алынганын билдиришти. "№12 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисин жана дары жазып бербей койгон дарыгерди бүгүн министрликке чакырдык. Колунда кагаз турган соң, керек болсо акыркы стадиядагы оорулууга дары жазып бериши керек болчу. Дарыгер туура эмес кылган. Бул боюнча териштирүү иштери жүргүзүлөт", - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.12.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жазгысы келбеген учун эмес , мумкун жазганга уруксаты жоктур - ал жерде акыркы стадияларында накротический оору калтыруучу дарылар жазылат . Азыркы заман билип билбей эле , социялдык тармакка биринчи жазып чыккан чуу которуп утмай болуп калды .
04.12.2019. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Врачтар аман эле болушсун, кыйналып өлөйүн деп барсаң да карап коюшпайт, өткөндө укол алайын деп поликлиникага барсам баары качышты укол кылбайбыз прописка менен барыңыз деп, анан бирөө чыгып жүрүңүз мен сайып берем деп алып кирип сайып берди, чыксам заведующий күтүп туруптур сен кимсиң эмне укол алдың деп мени урушуп укол сайган эжени урушуп ызычуу салды, анан чыдабай кыйкырдым, иди на деп, менин пропискам Таласта болсо ошол жака барышым керекпи деп, байкуш мед айым эмне болду экен.
04.12.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Baihan07,бир жагынан аларды деле туура тушунсо болот.оздорунун врачтары назначит этпеген дарыны медсестралар сайганга болбойт.мысалы реакция журуп кетсе же болбосо башка зыяндуу таасир берсе ж.б у.с ким жооп берет жанагы эле бечара медсестра
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: