"NewTV" телеканалынын тартуучу тобуна кол салды делинген жарандар Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө алып келинди
“NewTV” телеканалынын тартуучу тобуна кол салган окуяга тийиштиги бар делинген эки жаран Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө алып келинди жана сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анда бул окуяга тийиштиги бар делинген эки жаран тергөө бөлүмүнө алып келинди. Алар 1988-жылы туулган А.А. жана 1987-жылы туулган О.У. аттуу жарандар болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
“NewTV” телеканалынын тартуучу тобуна кол салуу болуп, камера жараксыз болуп калганын аталган каналдын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков окуя тууралуу айтып берген.








1 |