super.kg logo

ЖЭБ соту: Айбек Калиев: "Бишкек ЖЭБине салыштырып жаткан Дүйшөмбү ЖЭБ-2 насыяны акча менен эмес, алтын жана башка баалуу кендери менен төлөйт"

 

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев: "Кытай элчилигинин канцеляриясынан 8 жолу "TBEA" компаниясы долбоорду ишке ашыруудагы жалгыз талапкер экенин билдирген каттар келген. Алар Кытай тарап мамлекет ичиндеги бардык процедураларды жүргүзүп бүткөнүн эскерткен. Насыя боюнча макулдашуунун келишимине Кыргыз өлкөсүнө болгон алгачкы сапарынын алкагында кол коюлушун билдиришкен. Бүгүнкү күндө Кытайдын Кыргыз өлкөсүнө болгон биринчи сапарынын алкагында кол коюлган келишимди жокко чыгарып жатабыз. Бул эл аралык этиканы бузуу болуп саналат", - деди.

Мындан тышкары, Калиев Бишкек ЖЭБи менен Тажикстанда курулган ЖЭБди салыштыруу туура эмес экенин айтты.

"TBEA" компаниясы менен "Душанбинская горная промышленность" деп аталган ишкананын ортосунда ресурстук насыянын келишими түзүлгөн. Кытайдын бул инвестициясы ресурстарга алмашылган. Бул насыяны акча менен эмес, алтын, баалуу кендер, жерлер менен төлөнөт деген сөз. Бишкек ЖЭБине түзүлгөн келишим менен Дүйшөнбү ЖЭБине түзүлгөн келишим эки башка нерсе, аларды салыштырууга болбойт. Биздин келишим "EPS'нин" негизинде түзүлгөн. 2019-жылдын апрель айында "TBEA" компаниясы тарабынан Дүйшөмбү ЖЭБин курууну ишке ашыруу боюнча келишим түзүлгөн. Анда Кытайдын бул инвестициясы Памирдеги кен иштетүүчү жерлердин биринин ордуна берилип жатканы айтылган. Менин колумда айткандарымды тастыктаган документтер бар", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
04.12.2019. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстводо бул маселелерди жетектеген, Исаковго Авазов жана Назаровдордой эле жакын болуп саналган Айбек Калиев кылмыштуу планды ишке ашырууда негизги аткаруучу болуп тартылган. Исаков менен Калиевдин ортоснуда ЦАРИИде чогуу иштешкен учурдан тарта жакын мамиле түзүлгөн, анда Калиев ресурстарды башкаруу кызматында эксперт болуп иштеген. Исаков өзүнүн кызыкчылыктарын Калиев аркылуу ишке ашырган жана контролдогон.
04.12.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деп эле тантырап жатышат?
04.12.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок Тажиктерге карз бергени окшош эле да. Аларга карыз берди да алтын кенин , тоолорун алып койду.
04.12.2019. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Absamat-90,Жаш муун потриот болсонор ошол келишимди жокко чыгарабыз! Кимге акча берген болсо кытайлар ошолордон алып алсын! Бизден кендерге Кытайлар келип ээлик кылуусуна жол бербейбиз болбосо колдон келген кучубузду колдонобуз!!
04.12.2019. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кытайга жерибизди беребиз деген турасынбы бул созун менен былжырай бербечи
chake түзөттү 2019-12-04 14:16:22
04.12.2019. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айбек жанымда болгондобу...бай бай бай бай...энергиямды чыгарып алмакмын
04.12.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоолуу Бадахшанды берип кутулуша турган болушту тажиктер. Азыр Тоолуу Бадахшанда кытайдын аскерлери турат. Биздин кайсы жерибизди беребиз деп жатышты экен. Алайды эмеспи ыя
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: