Социалдык фонддун төрагасы: "46 пайыз адам почта аркылуу пенсия алат"
Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев канча адам пенсияны почта аркылуу ала турганын сурады.
Социалдык фонддун төрагасы Медер Исраиловдун айтымында, 46 пайыз адам почта кызматы аркылуу пенсия алышат. "306 миң киши пенсияны почта аркылуу алат. Почтага былтыр 279 миллион сом төлөндү. Банкка 55 миллион сом төлөндү", - дейт Исраилов.
Бекешев пенсия банктар аркылуу төлөнүшү керектигин айтты.
Жогорку Кеңештин жыйынында "Социалдык фонддун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.