2019-жылдын он айында 8 миңден ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган
Соттук-укуктук реформанын негизинде укук коргоо органдарын реформалоо боюнча комплекстүү чаралар системинин максаттарына ылайык, ИИМдин алдында 6 өз алдынча кызматтар, анын ичинде өзүнүн аймактык бөлүмдөрү түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда ИИМдин орун басары Памирбек Асанов маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, анын айтымында, ИИОнун штаттык санын жана түзүмүн оптималдаштыруу чечими боюнча 67 сотко чейинки өндүрүш боюнча начальниктин орун басарлары киргизилген.
2019-жылдын акыркы он айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 126 миң 744 иш катталган. Алардын 64 миң 737си кылмыштарга 62 миң 37си жоруктарга катталган.
Учурда 75 миң 861и сотко чейинки өндүрүш материалдары бүтүрүлгөн. Ошондой эле он ай ичинде жазык жана жорук иштери боюнча 8252 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.



