Шамалдан улам Бишкектин абасы 34 эсе тазарды
Бүгүн, 4-декабрда шамалдан улам Бишкек шаарында аба тазарды. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 2019-жылдын 3-4-декабрында Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу орун алды. Ар түрдүү бийиктиктерде шамал байкалды жана анын ылдамдыгы 15 метр/секундага жетти.
"Байкалган метеорологиялык шарттар Бишкек шаарындагы атмосфералык абадагы кирдетүүчү заттардын таралышына себепчи болду. Натыйжада азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалган.
CO – 10,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 5 мкг/м3)
NO – 86,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 400 мкг/м3)
NO2 – 48,9 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 85 мкг/м3)
SO2 – 49,2 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 500 мкг/м3)
PМ2.5 – 13 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 160 мкг/м3)
Ал эми майда катуу бөлүкчөлөр PМ2.5 тууралуу айта турган болсок, алардын абадагы кармалышы кескин түрдө азайды.
Эгерде ноябрдын акыркы 3 күнү бул заттын кармалышы 440-448 мкг/м3 чейин жеткен болсо, бүгүн эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/м3 түздү, жана 34 эсеге азайды", - деп айтылат маалыматта.







1 |