Аваз Акимов менен Айдана Дека ак өргөөлүү болушту. Аваз: "Жашообузду нөлдөн баштадык"



Аваз Акимов менен Айдана Дека жаңы конуштуу болушту. Бул тууралуу Аваз SUPER.KG порталына билдирди.
"Эки жаш үйлөнгөндө баарын нөлдөн баштайт деп айтышат эмеспи, ошол сыңары биз да жаңы жашообузду нөлдөн баштадык. Айдана экөөбүз иштеп тапкан акчабызды чогултуп жайында 2 бөлмөлүү батир алдык. Көбү оңдоп-түзөө иштери башталганда талашып тартышасыңар деп айтышты эле. Бизде андай болгон жок. Айдана экөөбүздүн табитибиз да окшош экен. Баары жеңил, шыр, эң негизгиси идеалдуу болду. Үйүбүз азыркы заманбап хай-тек стилинде, ачык түстөргө басым жасадык. Жакында гана оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, өзүбүздүн үйүбүзгө кирдик", - дейт Аваз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Бизге да жуксун