super.kg logo

ЖЭБ соту: Отурумда 101 күбөнүн ичинен 91и айыптоочулар тараптан келгени айтылды

 

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев отурумда 101 күбө суракка алынганын айтып, алардын 91и айыптоочу тараптын кишилери экенин белгилеп өттү.

"Айыпта ЖЭБди модернизациялоодо эскертүүлөрдү эске алынган эмес деп жүрөт. Мен ал кандай эскертүүлөр экенин айта кетейин. Мисалы, гидранттын түсү кызыл болушу керек же сары болушу керек, эшиктердин кармоочторун алмаштырыш керек, дааратканаларга байланыштуу эскертүүлөр жана башка ушул сыяктуу. Мындай эскертүүлөр өндүрүшкө эч кандай тиешеси жок болгон", - деди ал.

Мындан тышкары, Айбек Калиев күбөлөрдүн көп болгонуна карабай, айыптоочу тарап Елисеев, Ширшов, Нурлан Өмүркул уулунун көрсөтмөлөрүнө таянып жатканын айтып нааразы болду.

"Эл Елисеев, Ширшов ким экенин жакшы билет. Кыргыз өлкөсүндө алардан башка адам калбай калдыбы? Менин байкоом боюнча, отурумга маанилүү күбө келип көрсөтмө берген күнү мамлекеттик каналдардан ЖЭБдеги аварияны көрсөтүп, элдин эсине сала баштайт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
04.12.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
алынган кычкачтар 630 долларга арзан алынды деп баргандар аз болгон турбайбы каап
04.12.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Ууру тойгончо жеп, олгончо карганат болбой,жооп бергиле.
04.12.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
ТЭЦти модернизациялоо боюнча тендер да өтпөгөн. Ага кошумча Сапар Исаков Кыргызстандын шарттары үчүн пайдасыз негизде кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Анан дагы президенттик аппарат ТЭЦти модернизациялоо маселесинде толугу менен башында турган. Бул милдет же укук президенттик аппаратка тиешелүү эмес болчу.
04.12.2019. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
подвалдагы ХХХ кызматын баштадыбы))
04.12.2019. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айбек Калиев өзү эң акыркы модедеги эң кымбат "Ренж Ровер" үлгүсүндөгу машина минип өтө көөп кеткен эле... Ошондо суроо жаралган болчу бул жигит жаш туруп, бир гана мамкызматта 20 миң айлыкка иштеп анан кантип мынтип байыды деп...
04.12.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээййй кандай тушунбогон немесинер бул жон гана саясий куугунтук Сапарга окшогон иштермандар Кыргызстанга кереги жок деп камап олтурат бул бийлике уурулар керек чогу уурдайбыз деп. 630 долларлык аттишке асылдынар аны тендерде олтурган желмогуздар кылган кичине ойлонсонор. Сапар Исаковдун убагында жакшы иштер башталган Сапар Исаков гана райим матраштарды иштен алган. Башканын духу дагы жетпейт болчу. Мындай чындыкты тарыхты талдап корсонор. Турдакун Усубалиев дагы ушундай ишке кабылган жалган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: