super.kg logo

ЖЭБ соту: Отурумда мамлекетке келтирилген 111 миллион долларлык чыгым атайылап туура эмес эсептелгени айтылды

 

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү журүүдө. Отурумда "Улуттук энергетикалык холдингтин" мурдагы башчысы Айбек Калиев мамлекетке чыгым келтирилген деген 111 миллион доллар тууралуу айтып берди.

"Ал чыгым соттук-экономикалык экспертизанын негизинде аныкталган. Модернизациялоонун физикалык иштери 2015-жылы башталган. Бул жагдайды отурумга келген эксперттер дагы тастыктады. Бирок ЖЭБ бюонча жасалган соттук-экономикалык экспертизанын эсеби 2013-жылдын баалары менен эсептелген. Мамлекеттик айыптоочулар бул нерсеге көңүл бурган жок. ЖЭБ ири долбоор болгондуктан, 2 жыл ичиндеги баалар бир топ айырманы түзүп жатпайбы. Бул фактор каражаттардын туура эмес эсептелишине алып келди. Ошол эле маалда TBEA компаниясы жүргүзгөн иш толугу менен көрсөтүлгөн эмес. Анткени эксперттер өз көрсөтмөсүндө физикалык жактан аткарылган иштердин баары кирген эмес деп так айтышкан.Ошондой эле экспертиза жүргүзүүдө 2013-жыл менен 2015-жылдагы АКШ долларынын курсунун айырмачылыгы эске алынган эмес", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.12.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
111 миллион доллар деген каражат биздин өлкөнүн бюджетине жакшы эле көрүнө турган олуттуу сумма. Мындай катага жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн тиешелүү кылмышкерлер өз жазасын алсын.
04.12.2019. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушинтип актана бербей куноонорду мойнунарга алсанар жазанар да женилдемек эле. Кантип алдап атасыңар же элди келесоо ойлойсунарбы? Козго корунуп турган нерсени андай эмес деп жатасынар.
04.12.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикстан 349 млнго жаны ТЕЦ курду Калиев кайнагасы Атамбаев экөө 386 млн долларга эски ТЕЦтин 30 пайызын аран реконструксиялаганга жарады еще кычкачы 630 доллар
04.12.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо кечиресинер бирок теманын жазылышында "атайылап" дегенге тушунбодум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: