Азербайжан: Бүгүн, 16-августта Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитин президент Алмазбек Атамбаев ачат
Саммит өтө турган конгресс борбор


Саммит өтө турган конгресс борбор

Видеокамералар тизилип, президенттердин кирип келишин күтүүдө

4 мамлекеттен келген журналисттерге орун жетпей жатат

Саммит ушул жерде өтөт
Бүгүн, 16-августта Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммити болот. Саммитти президент Алмазбек Атамбаев ачып, сөз сүйлөйт. Андан соң Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын мамлекет башчылары сөз сүйлөшөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Халил Акынжынын жылдык отчёту угулуп, кийинки саммитти өткөрүү убагы жана орду такталат. Башка маселелер каралган соң, 2 документке кол коюлмакчы. Алар: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү тууралуу чечим жана 3-саммиттин декларациясы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
2

