super.kg logo

ЖЭБ соту: Айбек Калиев: "Жалган көрсөтмө бергендерди Кудайга койдум!"

 

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев соттук системде болуп жаткан баш аламандык өлкө башчыга жетпей жатканын айтты.

"Дал ушул соттук отурумда биз укуктук мыйзам бузуулар болгонун жана эч кандай материалдык жактан жардам албаганыбызды далилдей алдык деп ойлойм. Биздин жасаган аракеттерибиздин натыйжасы катары бүгүнкү күндө ЖЭБдин иштеп жатканын айтсак болот. Отурумда кылмыш болгону далилденди, бирок ЖЭБди модернизациялоодо эмес. Тергөөдө жана соттук-экономикалык экспертиза жургүзүүдө кылмыш жасалганы аныкталды. Бизди айыптоо үчүн канча мыйзам бузулганын санап бердим. Мына ушунун баары бизди айыптап жаткан "кошоматчылык жана карьера" үчүн жасалып жатат. Бизге карата коюлган жоромолдор жана материалдарды бурмалоо менен жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде айып тагылды. Жеке кызыкчылык үчүн адамдардын тагдыры менен ойногонго болбойт. Жалган көрсөтмө берүү эң оор күнөө. Биз баарыбыз мусулманбыз, билишибиз керек. Ар бирибиз жасаган иштерибиз үчүн Кудайдын алдында жооп беребиз. Мен силерди Кудайга койдум!", - деди ал.

Мындан тышкары, Калиев коом журналисттерге ишенерин жана журналисттердин арасында чындыкты казып чыккан патриот табыларына көзү жете турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
04.12.2019. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сооронбай Жээнбековтун жалган жалаа саясаты менен кара жерге кирсин.
04.12.2019. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Озун тоноп жедин керкейип кычырап италиянын мебелдерин алып жыргадын кийген киймдернда ото кымбат болчу эми эненди коргонундо Кудайга буйурдум деп жатасын Айбек силерди эл акысын жеген деп законго озгортуу киргизип дарга асуу керек!! Балла чакандан кыжаалат болбо Кыргыз журту багып алат андан кыжаалат болбо!!
04.12.2019. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы бийлик эч бир 'касяк' кылбайт анткени эч бир жумуш кылбай жатышат кадимкидей эле 'застой' болуп калды азыр.мурдагы бийлик эмнеси болсо да азамат жигиттер экенсинер рисковать этип коп жумуштарды бутурдунор! азыркы жалдырама бийлик кетип рисковать эткенден коркпогон эр журок иштерман бийлик келсе экен.Соорнбайды кантип сыйлайсынар тушунбойм?болгон чон даражадагы сыйлыкка татыктуусуз Алмаз Шаршенович деп подхалим кылып журуп эле досун турмого тыгып койду.созуно турбаган адамды ким деш керек?
04.12.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жинге тийген акмак экенсинер.!
Же силер да жеген окшойсунар 111миллион доллардан!
Ашан албаса балашкалар шопур охрана албаса торткоздор албаса анда карапайым эл оздору уурдап алыптыр да ?
Хадис келет! Уй булоонорду оз мандай теринер менен баккыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: