super.kg logo

Касым-Жомарт Токаев Борбор Азиянын аймагындагы өлкөлөрдөн Кыргыз мамлекети гана кириллица арибин колдонорун айтты

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азияда бир гана Кыргыз өлкөсү кириллица арибин колдонорун айтты. Бул тууралуу анын "Deutsche Welle" телеканалына берген маегинде белгилүү болгон.

Анда редакциянын журналисти Жанна Немцова Казакстан акырындык менен латын арибине өтүп жатканын, муну көпчүлүк Орусиядан алыстоо деп түшүнүп жатканын айтып, ырас эле ошондойбу деген суроо салган. Бул соболго Касым-Жомарт Токаев Орусиядан алыстоо деген түшүнүк таптакыр туура эмес деп жооп берген.

"Мурдагы президент Нурсултан Назарбаев тарабынан казак тилин реформалоо чечими кабыл алынган. Биз бул жерде орус тилине тийишкен жокпуз да. Назарбаевдин чечимине ылайык, 2025-жылдан баштап латын арибине толук өтүү керек болчу. Окумуштуулардын айтымында, латын ариби түрк коомчулугуна казак тилин жайылтууга чоң жардам берет. Түрк тили толугу менен латын арибине өткөн. Мындан тышкары, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан дагы латын арибине өтүү чечимин кабыл алган. Борбордук Азия аймагында азырынча Кыргыз өлкөсү эле кириллица арибин колдонот", - деген ал.

Токаев мындан тышкары, Монголияда дагы кириллица арибин колдонорун кошумчалаган.

Казакстандын президенти 5-6-декабрда Германияга расмий иш сапары менен барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(5)
04.12.2019. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажикстан дагы колдонот
05.12.2019. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Колдонобуз эле. Латын арибине отобуз деп дагы канча акча бөлүп, аны чондорубуз чонтокторуно тыгат. Андан көрө Кыргызстаныбыз онолгончо кириллица менен эле жашап туралы
05.12.2019. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озбекстан толук ото албай журушот го, ушунча жылдан бери. Ошенткенден коро тамга эмес башка жагын ондоп алалы да.
05.12.2019. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Араб алфавитине,латын алфавит не отсок эле май кол сут кол жашоо болуп кетеби
07.12.2019. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токаев, биздин алфавитти коюп Кытайдан качып, жардам сурап келген оз бир туугандарынды коргоп алчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: