super.kg logo

Бишкекте таштанды таштап, өрттөгөн жарандарга салынган айып пул 4 миллион сомдон ашты

 

Бишкекте 7 ай аралыгында таштанды таштап, өрттөгөн жарандарга салынган айып пул 4 миллион сомдон ашты.

Санитардык-экологиялык инспекциясы борбор калаадагы мыйзам бузган жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүүнү улантууда. Ушул жылдын 15-майынан 30-ноябрына чейин жалпысынан 453 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 4 миллион 102 миң 500 сомду түзгөн. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

"Мыйзам бузгандардын көпчүлүгү өздөрү жашаган аймактагы тазалыкты сактабайт. Алар таштандыларды, резиналарды өрттөп салышат. Мындай фактыларды аныктоо иштери мындан ары дагы улантылат", - деп жазылат маалыматта.

Эгер сиз кимдир-бирөөнүн таштанды же желим өрттөп жатканына күбө болсоңуз төмөнкү номерлерге байланышып коюңуздарды мэрия өтүнөт.

Байланыш номерлери:

Мэриянын санитардык-экологиялык патрулдук кызматы: 0(312) 65 81 59, WhatsApp 0(505) 888-315

Биринчи Май району: 0(555) 404-818;

Свердлов району: 0(551) 551-745;

Октябрь району: 0(707) 373-373;

Ленин району: 0(500) 210-470.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: