super.kg logo

Дарыгер акыркы стадиядагы рак менен күрөшкөн кызга дары жазып бербей койгон окуя. Айрым кызматкерлерге чара көрүлөт

 

Бишкектеги хоспистин жетекчиси Ольга Труханова ракка кабылган кызга №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери дары жазып бербей койгонун социалдык баракчасына жазып чыккан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан окуяны көзөмөлгө алып, кемчиликтер кеткенин айтып, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн кабарлады.Тагыраагы, бүгүн, 4-декабрда министрликтин өкүлдөрү, Мамлекеттик камсыздандыруу фонду, мэриянын алдындагы Саламаттыкты сактоо башкармалыгы, Балдардын биринчи хосписи жана үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги менен биргеликте жогорудагы окуя териштирилген. Натыйжада медициналык кызмат көрсөтүүдө кемчиликтер орун алганы аныкталды.

"Териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык, №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун бир катар кызматкерлерине эскертүү, айрымдарына сөгүш жарыялоо сунушталды. Алар:

Эне жана баланы коргоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Б.Т. Жанкойлиевага начар көзөмөл үчүн эскертүү;

№12 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Б.А. Досалиевага аталган борбордогу тиешелүү кызматтарды көзөмөлгө албагандыгы үчүн эскертүү;

Ленин райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси С.Ш. Маматаевге уюштуруу ишиндеги кемчилиги үчүн эскертүү;

Ленин райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси С.Ш. Маматаев тарабынан №28 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисине дисциплинардык чара көрүү, №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерине жана медайымына сөгүш жарыялоо тапшырылды.

Мындан тышкары, Ленин райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисине бардык бейтаптарды өз убагында дарылоо, дары-дармектер менен камсыз кылуу, бейтаптарды кабыл алууда этикалык нормаларды сактоо жана "Балдардын биринчи хосписи" фонду менен кызматташууну күчөтүү тапшырмасы берилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.12.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумуштан алыш керек болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: