super.kg logo

Таиланддын жараны кубаттагычта турган уюлдук телефондон ток уруп, каза болду

 

Таиланддын Чонбури шаарында уюлдук телефондо ойноп жаткан жаранды ток уруп, каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2-декабрь күнү 28 жаштагы Киттисак Мункитти бөлмөсүнө кирип, смартфондон оюн ойноп жаткан. Апасы бир нече жолу үй иштерине жардамдашып кой деп чакырганда жооп берген эмес. Уктап калса керек деп көңүл бөлбөгөн апасы жумушка кетерде гана баласынын бөлмөсүнө кирет. Уктагандай абалда жаткан баласына кыйкырып, бир-эки жолу таякча менен түрткүлөгөн. Баласы тарабынан реакция болбогон соң апасы уулунун колундагы күйүктөрүн көрүп, дароо полиция кызматын чакырат. Чакырууга келген полиция кызматкерлери Киттисак Мункиттинин көз жумганын аныкташкан. Болжол менен баланы электр тогу уруп, каза болгону айтылууда. Ошентсе да сөөктү экспертизага жөнөтүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.12.2019. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тайландта жаздада болду элего ошол эмесби?
05.12.2019. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
апасынын созун укпагандыгы учун Кудайым жазалады, "3 жолу энене жакшылык кыл анан 4-сундо атана" деген
05.12.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зарядниктен ток урушу мумкун эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: