super.kg logo

ЖЭБ соту: Жактоочу: "1-класстын окуучусу деле сунуштардын ичинен Кыргыз өлкөсү үчүн алгылыктуусу "TBEA" компаниясы деп жооп бермек"

 

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Отурумда "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовдун жактоочусу Сергей Манукян жарыш сөзгө чыкты.

Жактоочу 1-класстын баласы да бардык сунуштардын ичинен Кыргыз өлкөсү үчүн эң алгылыктуусу "TBEA" компаниясынын сунушу деп жооп бермек деп белгиледи.

"Салайдин Авазовго коюлган күнөө, анын кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик мааниге ээ, стратегиялык объектини жаңылоодо мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган деп башталат. Ошону менен Авазов мамлекетке топтогу башка адамдар менен биргеликте ири көлөмдөгү чыгым келтиргендиги айтылууда. Айыптоочу тарап Авазов чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөп, алардын материалдык жактан пайда алуусуна көмөк көрсөткөн деп жазган. Бишкек ЖЭБин модернизациялоону ишке ашырууга эки компаниянын тең сунуштары каралган. Дүйнөлүк банк СМЕС корпорациясын, ал эми Кытай мамлекети TBEA компаниясын көрсөткөн. Белгилей кетүүчү нерсе, айыптоочулар айтып жаткан 150 миллион АКШ долларына СМЕС корпорациясы модернизациялоону эмес, 5 казан агрегаттарын жана 2 түтүк агрегатты гана алмаштырып бермек. Мындан тышкары Авазовдун айтуусунда, алар СМЕС корпорациясынын техникалык сунушу менен адистер менен биргеликте таанышып чыккан. Мындан кийин алар СМЕС корпорациясына өз сунуштарын жана эскертүүлөрүн жөнөткөн. Ошондой эле "Электр станциялары" ишканасы СМЕС корпорациясына, модернизациялоо боюнча алардын шарттары жана финансалык модели менен таанышууга кызыкдар экенин билдирген кат жөнөткөн", - деди жактоочу Манукян.

Жактоочу СМЕС бир гана Бишкек ЖЭБи эмес, өлкө боюнча башка энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматтарын сунуштап келгенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.12.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туууууууууй сен жактоочу болбой кал....
05.12.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
1-класстын окуучусу силерге караганда акылдуу. Көк мээлер.
05.12.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыскасы бул куулар ТВЕА менен суйлошуп, аларга процентин беришип, следствия болсо деле ачыкка чыкпоосун талап кылышкан тура
05.12.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
349 млн го Тажиктер жаны ТЕЦ курду биздикиер 386 млн го 30 пайыз бутуро албады
05.12.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТВЕАдан пайда коргон бир да мамлекет жок. Ошону билип туруп келишим тузгондор куноолуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: