super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кыргыз мамлекетине заманбап, ири клиника курулушу өкмөткө кереги жок болсо, элге керек"

 

"Кыргыз мамлекетине заманбап, ири клиника курулушу өкмөткө кереги жок болсо, элге керек", - деп бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде медициналык факультетти ачып, окуу жайдын алдында заманбап, ири клиника куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. "Өкмөт канча орундуу клиника куруу боюнча өзүнүн жообун бермек. Андан бери бир жыл өттү, өкмөт болсо эмнегедир жообун бербей жатыптыр. Ушундай да болобу? Түрк тарап өз каражатына куруп берели десе, биздин унчупай отурганыбыз жакшылыктын жышааны эмес. Кыргыз өлкөсүндө заманбап ири клиника курулуп калса, биздин элибиз үчүн жакшы болмок. Кыргыз жарандары Түркияга барып дарыланбай, Бишкектин өзүндө эле сакайып турушмак. Анын өкмөткө кереги жок болсо, элге керек. Ал мындай мыкты демилгелерди унутта калтырбай, тезинен жообун бериши керек", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: