"Бул маданиятпы же мыйзам бузуубу?". Депутат Зулушев өкмөт музейдеги кыздардын жылаңачтанган көргөзмөсү боюнча маалымат бериши керектигин айтты
Депутат Курманкул Зулушев өкмөт музейдеги кыздардын жылаңачтанган көргөзмөсү боюнча маалымат бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүн түштөн кийин аткезчилик боюнча маселе карайбыз. Ага премьер-министр, ички иштер министри катышат. Аткезчилик маселеси каралганга чейин алар бизге музейдеги көргөзмө боюнча маалымат беришин сунуштайм. Өлкөдө маданиятыбызга, каада-салтыбызга шек жараткан окуя болду. Бала кезден баарыбыз билебиз, айыл жеринде аял киши жылаңачтанып басмак турсун, ич кийиимин көрсөтпөй жайган. Бул боюнча биздин укук коргоо органдары эмне иш кылып жатат? Кандай мыйзамдуу баа берилип жатат? Коомдук жайда абийирин көрсөтүү кандай бааланат? Бул маданиятпы же мыйзам бузуубу", - дейт Зулушев.

Калп эле салт дей бербегилечи акмактар. Азыркы заманда ким салты карап коюптур. Депутаттар Раиммилион маселесин карай албай эстери ооп жатат го. Жыланач кызды корбой журдунор беле.
Отунбаеванын оюн толугу м-н Мен деле колдом. Ал жакта элдин баары жыланач чечинип чыксын деген жок. Кыргыздын кээ бир салты кыргыздын озуно думшан. Азыр Орто кылымдын заманы эмес. Азыркы кыйкырып жаткандар илгерки кыргыздын турмушун эч корушкон эмес. Салттык тушунукту азыркы заманда колдонбошубуз керек. Жан дуйносу жакырлар орто кылымдын салтына кош келиптирсинер.
Азыр коркунуч маданият же салт эмес, олкону кунуго миллиондоп тоногон депутаттар, Раиммилионго окшогондор, анын арасында Зулушев дагы бар.