Жаңы жылда 7 күн, май айында 5 күн. Өкмөт майрамдардан кийинки эс алуу күндөрдүн тартибин сунуштады
Өкмөт Жаңы жыл майрамынан кийин 7 күн эс алуу токтом долбоорун сунуштады. Мындан тышкары, май айындагы майрамдарды белгилөө үчүн 5 күн эс алууну сунушталып жатканы өкмөттүн расмий сайтында жазылган.
"Дем алыш күндөрдү жылдыруу тууралуу токтому" каралып, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине 1-январдан 7-январга чейин жана 1-майдан 5-майга чейин эс алууну өкмөт сунуштап жатат.
Жаңы жыл майрамынан кийинки эс алуу күндөрдүн тартиби:
1-январь - Жаңы жыл;
23-февраль жекшемби күнгө туш келгендиктен, 24-февраль дүйшөмбү эс алуу күнү болмок. Ошол эс алуу күнү 2-январга жылдырылды;
8-март Аялдардын эл аралык майрамы жекшемби күнгө туш келгендиктен, дүйшөмбү 9-март эс алуу күнү болмок. Ал күн 3-январга жылдырылды;
4-5-январь - ишемби жана жекшемби;
21-март Нооруз майрамы ишемби күнгө туш келгендиктен, 23-март дүйшөмбү күнү эс алуу болмок. Ал күн 6-январга жылдырылды;
7-январь - Рождество күнү (Иса пайгамбардын туулган күнү).
Май айындагы эс алуу күндөрдүн тартиби:
1-май - Эмгекчилердин эл аралык күнү;
2-3-май - ишемби жана жекшемби;
4-май - 9-май Жеңиш күнү ишемби күнгө туш келгендиктен, 11-май эс алуу күнү болмок;
5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күн.
Учурда бул токтом долбоору тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процессинде.




1 |