super.kg logo

ЖЭБ соту: Салайдин Авазов: "ЖЭБ долбоору ишке ашып жатканда жакшы иш жасап, элге кызмат кылып жатабыз деп ойлогонбуз"

 

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү орун алып жатат.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин чечкиндүү кадамы болбогондо, ишке ашмак эместигин белгиледи.

"Күнөөсү жок адамдар үчүн камакта жетиштүү эле отурдук. Мен биз жаткан жерде жыландын баласынын жатышын да каалабайт элем. ЖЭБ долбоору ишке ашып жатканда жакшы иш жасап, элге кызмат кылып жатабыз деп ойлогонбуз. ЖЭБди жаңылоо муктаждыгы 1995-жылда эле пайда болгон. Ошондуктан ЖЭБ модернизациясы мамлекеттик деңгээлдеги долбоор болгон. Бирок каражат булагы табылбай, бул маселе көп жылдар бою чечилбей келген. Ал көптөгөн мамлекеттик, өкмөттүк өнүктүрүү программаларына кирген. Модернизациялоо үчүн инвестицияны тартуу аракеттери дагы жүрүп келген. Бирок 2012-жылга чейин "Электр станциялары" ишканасына жеңилдик берген шарттар менен бир дагы сунуш түшкөн эмес.1995-жылдан 2012-жылга чейин өкмөт дагы башкасы дагы инвестиция таба алган эмес. Бишкек ЖЭБи 2013-жылы дагы курулуп баштамак эмес. Ал ошол кездеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин чечкиндүү кадамдарынын жыйынтыгында башталып калган", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.12.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жеп атам деп ойлонбодунуз беле урматтуу Чиновник
05.12.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазанды албасан болбойт базарда кычкач 630 доллар эмесда каяктагы жөө жомокту айтып жатасын
05.12.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдин баары ошентип умут кылган, кайдан билсин акча офшорго которулуп кетээрин.
05.12.2019. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖЭБнер жарылбаганда баарынар жыргап 4 5 хан сарайларды салып майшат кылып жашамаксынар! Алла эл менен Алла адилетуулор менен жана адилетуулорду суйот!! Фирондой болуп каргыш жеп олуп кеткиле эми эл душмандары!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: