super.kg logo

ЖЭБ соту: Салайдин Авазов: "Мага Алексей Ширшов дагы, Максим Бакиев дагы байланышка чыккан. Аларды укпай койгондугум үчүн жумуштан кетиришкен"

 

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов өз сөзүндө Бакиевдерге каршы чыгып, жумуштан кеткенин эстетти.

"Мени "коррупция" беренесинен тышкары, "кошоматчылык жана карьеризмге" күнөөлөп жатышат. Ушуга байланыштуу оюмду айтууга уруксат бериниздер. 2007-жылы суу аз учур болуп калды. Ошондо "Электр станциялары" акционердик ишканасы Казакстан менен келишим түзгөн. Анда электр энергиясын 1 центтен экспорттоо тууралуу макулдашылган. Ал маалда мен Кыргыз өлкөсүнүн "Улуттук электр станциясынын" генералдык директору болчумун. Мен Казакстандын электр энергиясынын транзитин киргизбей койдум, анткени ал кезде суу аз учур болуп, өзүбүзгө жетпей жаткан. 1 цент коррупциялык тариф болгон. 4 центтен болсо бир жөн, кайра электр энергияны 8 центтен импорттоого туура келет, ал эми биздин импорт кылганга ал кезде мүмкүнчүлүгүбүз жок эле. Ошондо мага Алексей Ширшов дагы, Максим Бакиев дагы байланышка чыкты. Аларды уккан жокмун. Андан кийин ошо кездеги президент чакырды. Ал : "эмнеге "Электр станциясынын" жетекчиси Бактыбектин иштешине тоскоол болуп жатасың?" деп сурады. Мага электр энергиянын экспортун өткөр деп тапшырма берди. Мен каршы болдум. Ошондон кийин жумуштан кетирип салышты. Андан кийин 2 жыл жумушсуз жүрдүм. Мен булардын баарын аргасыз айтып жатам. Анткени мага "кошоматчылыкка, карьеризмге" коюлган күнөө катуу тийди. Бул жакта отургандарга бир жолу катуу тийсе, мага көп жолу катуу тийип жатат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
05.12.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүңө жооп бер бирөөгө шылтабай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: