Талас облусунда колдоого муктаж балдар жайкы лагерлерде болушту
Талас облусундагы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы эс алуу уюштурду. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алсак, Талас районундагы жайкы лагерде 20 мектеп окуучусу эс алды. Кара-Буура району боюнча 83 бала “Барчын” жана “Сейтек” лагерлеринде эс алышты. Ал эми Манас районунда 12 бала эс алса, Бакай-Ата району боюнча 22 өспүрүм эс алууга мүмкүнчүлүк алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















