super.kg logo

Орусияда банктардын биринин банкоматтары өзбек жана тажик тилдеринде да кызмат көрсөтө баштады

 

Орусиянын ири банктарынын бири болгон "Сбербанктын" банкоматтарында өзбек жана тажик тилдеринде кызмат көрсөтүлө баштады. Эми банкоматтар 10 тилде кызмат көрсөтөт.

Орусиялык басылмалардын маалыматына ылайык, азыркы тапта банкоматтардын 80 пайызына жогоруда айтылган эки тил кошулган. Жаңы кошулган тил акча алуу, балансты текшерүү, мобилдик байланыш үчүн каражат төлөө кызматтарын көрсөтөт. Банктын жетекчилиги кардарларынын көбү Өзбек жана Тажик жарандары болгондуктан, алардын кызыкчылыгын эске алып, ушул кадамга барышканын айткан. Мындан тышкары, банктын мобилдик тиркемесин колдонуунун жол-жоболору англис, өзбек жана тажик тилдерине которулган.

"Сбербанктын" расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, банктын Орусия аймагында жалпысынан 77 миң банкоматы бар. Ал эми насыялык уюмдарында 95 миллион 400 миң активдүү кардарлары бар.

Азырынча банкоматта кыргыз тилинде кызмат көрсөтү функциясы жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
06.12.2019. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Орусча билишпесе орнотуп берип жакшы кылыптыр.
06.12.2019. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар жаман куу эл келишет экен баягы эле бечара кыргыз жөнөкөй кой оозунан чөп албаган адамдар экенбиз башкалар мындай эле өлүп баратышат.
06.12.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Булар патент төлөшөт, кээ бирлери ДА дегенден башка сөз билишпейт, ошон үчүн киргизди. Кудайга шүгүр эле дейли, биздин тилди киргизбептир дегендин ордуна.
06.12.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
биз кудайга шугур коопчулугубуз орусча билебиз и бат оздоштуробуз
06.12.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мына алар оздорунун тилин ушунчалык сыйлайт орустар дагы шарт тузуп берет. Коп эле кыргыздарды кордум озбектердин жанында озбекче суйлоп жиберет.
06.12.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tina-Tin,Туура айтасын
06.12.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озунун тилинен башканын тилин билбеген ошол тилдин дудугу болот да.Эми орусчаны которбой эле койсун. Азыр биздин жаштарыбыздын копчулугу 5-6 тилде суйлоп жатышат. Бизге тилге которбоду деп капа болбойлу, бизде баары тушунот .
06.12.2019. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алар тил билишпейт деп өзүбүздү кыйын сезбей, бизде эл үчүн кызмат кылайын деген адам аз деп эле өз кемчилигибизди моюнга алалы туугандар!!! Мен билгенден көп приложенияларда өзбек, азербайжан, казак, тажик тилдери бар а кыргыз тили жок!!! Бул жагынан көп эле артта калганбыз моюнга алгыла!!! Жаңылбасам гугл переводчикке да алардан кийин кошулду биздин тил!!!
PROS түзөттү 2019-12-06 18:28:57
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: