super.kg logo
  Саясат  

Депутат Касымалиева Саймаитинин өлүмү боюнча Түркиянын полициясы менен кызматташуу кандай абалда болуп жатканын сурады

 

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева Саймаитинин өлүмү боюнча Түркиянын полициясы менен кызматташуу кандай абалда болуп жатканын сурады.

УКМКнын өкүлү Түркиядан расмий маалымат түшпөгөнүн айтты. "УКМКнын, Тышкы иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Түркияга барып келишкен. Жакында дагыТүркияга барып келишет. Учурда жооп күтүп жатабыз. Түркиядан расмий маалымат түшкөн жок", - дейт УКМКнын өкүлү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз-Түрк башкы прокурорлор бул маселе боюнча сүйлөшкөндүгүн айтты.

Депутат өлкөдөн чыгарылган делинген 770 миллион доллар тууралуу "ал акча аткезчиликпи, көмүскө экономикабы же эмне?" деп сурады. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары "ал акча ишкерлерге тийиштүү, товарлардын акчасы" деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: