Ысык-Көлдө окуучуларга ар кандай кылмыштуулукту, укук бузууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү







Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүп, пиротехникалык каражаттарды колдонуунун эрежелерин айтып, кайсы учурда колдонууга болбой турганын эскертти.
"Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук инспектору Б.Шоруков жана инспектор Н.Калдыбаева Каракол шаарынын №3 мектеп-гимназиясына жана Кыргыз-Түрк лицейине барып, мугалимдер, окуучулар менен жолугушту.
Милиция кызматкерлери окуучуларга кышкы каникулда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырып, кылмыштардан, же болбосо жол кырсыктарынан кандай сактануу керектигин, диний экстремизм эмне экендигин түшүндүрүштү. Мындан тышкары, пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы коопсуздукка, алардын сапаттуулугун кантип айырмалоого болорун айтып, билим берүү мекемелеринин ичинде, айланасында бул каражаттарды колдонууга тыюу салынарын эскертишти.
Мындай кезигүүлөр мектеп окуучуларын ар кандай кырсыктардан, кылмыштардан алыс кылууга, укук бузууларга жол бербөөгө шарт түзөт", - дейт облустук Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан.
