Баласын 2000 долларга саткан эне кармалды

АКШнын Кентукки штатында баласын сатууга аракет кылган эне кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
31 жаштагы Мария Доминго-Перез 5 баласынын бирин бирөөлөргө саткан. Сатып алуучулар мектептин жанында ага 2000 доллар (139 миң сомдун тегереги) төлөшкөн. Бул окуя тууралуу кеп мектепте көпкө айтылып жүргөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында полиция кызматкерлери сатып алуучулар менен энени кармаган. Алгач сурак учурунда Доминго-Перез башкача көрсөтмө берип жаткан. Кийинчерээк ымыркайын түгөйлөргө сатканын моюнуна алган. Учурда сатылган бала жана анын 4 бир тууганы мектеп кызматкеринин көзөмөлүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.