super.kg logo

ЖЭБ соту: Мамлекеттик айыптоочу: "ЖЭБ боюнча отургандар өздөрүн баатыр көрсөтүүгө аракет жасашты"

 

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын репликалары орун алууда.

Отурумда мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөздө айтылган чечимди өзгөртүүсүз калтырышканын айтышты.

"Процесс учурунда жакталуучу тараптын бардык негиздерин, жүйөлөрүн кунт коюп уктук. Биз жарыш сөздө айтылган далилдерден баш тартпайбыз. Жактоочулар иштин материалдарында так көрсөтүлүп турган далилдерди эске албай, аларды бурмалоого аракет кылышты. Мыйзам долбоорунун келишиминин күчүнө кириши боюнча токтолсок, анда дагы көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун депутаттар өз көрсөтмөлөрүндө айтып беришти. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары ЖЭБ боюнча долбоор президенттик аппараттан көзөмөлдөнүп турганын белгилешти. Ал эми модернизация маселесин көтөрүп чыккан депутат Кожобек Рыспаевге Сапар Исаков тарабынан басым жасалганы жана эскертүү берилгени көрсөтмөдө айтылды.

Жактоочулардын алардын жакталуучулары чыгарган экспертизанын жыйынтыгы менен кеч таанышып, мыйзамдуу укугунан ажыратылды деген жүйөсү тууралуу айта кетели, алар каалаган убакта өтүнүч берип экспертизаны кайра жасата алмак. Жакталуучу тарап өзүнө Жогорку судьянын милдетин алып, прокурорлордун чечимин сынга алып жатышты. Айыпталуучулар элдин алдында өздөрүн баатыр көрсөтүүгө аракет жасашты", - деди мамлекеттик айыптоочу Кулжабаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.12.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ТЭЦти жанылатканы кээ бир чиновник соройлордун чонтогун гана толтурганы болбосо эч кандай пайдасы деле тийбеди, аба бузулду, экологияга кобуроок зыяны тийип калды. Ошончо акчага ошону да бутуро алышпады, дагы бизди акбыз дейт...
06.12.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hansel,
Сен билесинби. Эгер калыс, ачык тергоо болгондо Сооронбай Жээнбековтун куноосу айдан ачык чыкмак. Азыр Сокеге коз каранды соттон эмне акыйкат кутсо болот. Элдин баары Сооронбай Жээнбековко нааразы.
06.12.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калын журтту каратып туруп кантип биз жебедик деп айтат. 111 млн доллар деген акчаны элестеттип коргуло коломун эмне деген акча.Ошол акчаны офшорго которуп кутулуп кетебиз деген ою таш капты булардын.
06.12.2019. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жемкорлор камакта өз жазасын алышы керек. Мамлекетти карызга батырганы жетпегендей дагы актанганын кара булардын.
06.12.2019. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖЭБди жеп бүтүргөн бул адамдар катуу жазаланыш керек. 111 миллион долларды төлөп беришсин.
06.12.2019. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 кычкач 600$ анан кайдагы ак булар. Жегени айдан ачык болуп турбайбы. Дагы ыйлап койгондорун кантели. Камаш керек кийинки чон долбоорлордо коркуп иш кылып калышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: