super.kg logo

Жаңы Зеландияда авиакомпаниялардын бири кофени токоч "идишке" куюп берет

 

Жаңы Зеландиядагы авиакомпаниялардын бири учактын жүргүнчүлөрүнө кофени жей турган идишке куюп берет. Кофени ичкенден кийин анын идишин таштандыга ыргытпай, жеп койсо экологияга пайда дейт "Air New Zealand" авиакомпаниясы.

Маалым болгондой, кофе куюлучу идишти даярдоо үчүн кадимки эле буудай уну, шекер, жумуртка жана ванилин колдонулган. Өндүрүшчүлөр жогорудагы азыктардан даярдалган идиш токочко ысык кофе куйганда формасын жоготпойт, эзилип дагы калбайт деп билдиришкен. Бирок идиш токочтор эскирип кетпеши үчүн аларды герметикалык идиштерде сактоо керек. Алдыда кружкаларды шоколаддан жасап чыгаруу пландалып жатканы маалымдалат.

Айрымдары кофе куюлган токоч идиш ным болуп калгандыктан, аны жеген жагымдуу эмес экенин айтышкан. Бирок көпчүлүк кофени ичип, андан кийин токочту жеп коюу алда канча жакшы экенин, мындан ары дагы ичүүгө даяр экендигин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: